БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Пекиндеги катчылыгынын имаратында "Бишкек" жыйындар залы ачылганын Кытайга жумушчу сапары менен барып келген Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
"Бишкек" жыйындар залынын жасалгалоо долбоорун Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Динара Чочунбаева иштеп чыккан.
"Залдын жасалгаланышында кыргыздардын жашоо маданияты менен тарыхы, алардын келечекке болгон умтулуусу, башка элдер менен болгон достугу, эркиндикке умтулуусу чагылдырылган", — дейт Кулукеева.
Жаңы залдын ачылышына ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.