БИШКЕК, 16 апр. — Sputnik. Кен жайын жаман абалга алып келген "Кумтор Голд Компани" компаниясынын жетекчилиги алмашуусу керек деп билдирди шаршембиде Бишкекте өткөн Жеке инвесторлор клубунун отурумунда эксперт-экономист Досмир Өзбеков.
Борбордо чогулган эксперттер өкмөт башчысына өлкөнүн жарандарына маалымат жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү чечишти.
Өзбековдун айтымында, башкы маселе Кумтөрдун башкармалыгы КР өкмөтү менен кызматташпай калганында болуп жатат. Эгерде директорлор кеңеши бул ири компанияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын Канадада туруп аныктаса, анда "Кумтор Голд Компани" менеджменти өндүрүш маселелери менен жеринде алектенип жатат дейт ал.
"Бүгүн Кумтөр ушундай начар абалга келип турганда, анын менеджментин алмаштыруу маселеси туулат", — деди эксперт-экономист.
Кумтөр алтындын кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген кен жайы болуп эсептелет. Аны Канаданын "Камеко" компаниясы 1994-жылы иштете баштаган. Алгач долбоордо кирешенин 70 пайызы Кыргызстанга жана 30 пайзы "Камеко" жетекчилигине тиет деп болжолгон. Макулдашуулар ратификацияланган соң 2003-жылы "Камеко" Centerra Gold Inc. болуп кайра түзүлүп, ал республиканын чегинен сырткары бир нече кен жайын иштете тургандыгын жарыялаган. Ошентип, компаниянын масштабы өсүп, ага жараша КРдин долбоордогу акциялары 70тен 33 пайызга түшүп кеткен.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр маселеси менен алектенген Кубанычбек Исабеков Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөн башка бардык иштептип жаткан кен жайлары жалган экендигин мурдатан бир нече жолу билдирген эле.