БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Экологиялык инспекция 2013-жылдан бери сотко 4 доо арыз менен кайрылган. Арыздар негизинен жер кыртышынын бузулушу, сууну бекер колдонуу, таштандыларды ыргытууга байланышкан. Бул боюнча сот иши 22-апрелде жана 27-апрелде боло турганын инспекциянын өкүлдөрү парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.
Инспекциянын өкүлдөрү ошондой эле, сотко берилген бир да доо арыз кайра артка албагынын маалымдашты.
Депутаттар 2010-жылы "Кумтөр" кенине 16 миң жер аянты берилгенин жана учурда анын тагдыры кандай болуп жатканына кызыгышты.
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Талант Узакбаев аталган бул жерди кайтарып алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар экенин белгиледи.
"Берилген 16 миң гектар жерде канча кен бар экенин так билбейбиз", — деди ал.
"Кыргызалтын" ААКтын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Кылычбек Шакиров бул маселеге сот гана чекит коё турганын айтты.