БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү Казакстанда ири жол кырсыгына дуушар болгон "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусунун айдоочусу жөн эле акча табыш үчүн өз алдынча эл ташып жүргөн болушу мүмкүн деп билдирди Sputnik кабарчысына Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын башчысы Нурбек Турсунбаев.
Мурда келип түшкөн маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл областында "Газель" менен кагылышкан "Мерседес-Бенц Спринтер" жүк жана жүргүнүчлөрдү ташуучу унаа катары катталган. Салондун терезелери жана кошумча чыгуусу жок болчу.
Турсунбаев каза болгон "Мерседес-Бенц Спринтердин" каза болгон айдоочусу өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташуучу кайсы бир фирманын кызматкери болушу мүмкүн эмес дейт.
"Мен Кыргызстанда элди атайын жабдылбаган унаада, айрыкча эл аралык каттам боюнча ташып жүргөндөрүн көргөн эмесмин. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал жөн эле жеке өзү акча табыш үчүн иштеп жүргөн болушу керек", — дейт Турсунбаев.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аварияга туш болгон микроавтобустун көпчүлүк жүргүнчүлөрү сыртка чыга албагандыктан, өрттөнүп кетишкен.
КРдин ӨКМдин кабары боюнча, микроавтобус Оштон Түндүк-Казакстан аймагына бет алып бараткан. Салондо 19 киши, анын ичинде эки айдоочу жана үч кичине бала бар болчу.
Кагылышуунун натыйжасында эки автоунаа тең күйүп кеткен. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө өчүрүлүп, ал жерден 14 адамдын —"Газелдин" айдоочусунун жана микроавтобустун 13 жүргүнчүсүнүн сөөгү табылган.