БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы министрликтер менен ведомстволордун башчылары акыркы кезде өз кызматтарын таштап кеткен учурлар көбөйүп жатканын эксперт Шерадил Бактыгулов коррупциялык кылмшыштар боюнча мөөнөттүн эскирүү тартибинин жоюлушу менен түшүндүрөт.
Мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Бактыгуловдун пикиринде, ири суммаларга байланышкан документтерге кол коюуга милдеттүү ведомство башчылары Кыргызстанда коррупциялык кылмыштардын мөөнөтүнүн эскирүү тартибинин жоюлушуна байланыштуу келечекте кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуудан кооптонушат. Аталган эрежени алып салуу жөнүндө мыйзамга туура бир жыл мурун — 2014-жылы 22-апрелде кол коюлган эле.
"Бардык ченемдер, бардык терс кесепеттер өкмөттүн дал ушул курамынын мойнуна илинет. Алар иштедиби же иштеген жокпу, жаман иштедиби, же жакшыбы, эмнеси болсо да, бүгүнкү күндүн бардык терс жактары үчүн ошолор жоопкер болот", — дейт Бактыгулов.
Анын айтымында, чиновниктер бир жылдан бери аталган мыйзамдын келечеги менен кесепеттерине көз жүгүртүп отуруп, эми бул кызмат орундарында ишти улантуунун мааниси жок деген чечимге келиши акылдуулук.
"Ошентип, бул кызматкерлер өзүлөрүнөн жоопкерчиликти алып ташташты. Эртедир-кеч өзүлөрү курмандыкка чалынып жана жоопкерчилик чоң болорун алар туура түшүнүп-билишкен", — деди эксперт.
Кол коюу жагынан "өзгөчө коркунучтуу" деп Кумтөр, жолдорду салуу жана мамлекеттик сатып алууларга арналган кытай кредиттери боюнча документтерди атады эксперт.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "КРдин Кылмыш жаза кодексине кошумчаларды киргизүү жөнүндө мызамга" 2014-жылдын 22-апрелинде кол койгон. Документ коррупциялык кылмыштар, мамлекеттик чыккынчылык, жооптуу орунду ээлегендердин кызмат ордун кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча мөөнөттүн эскирүү тартибин жойгон. Мыйзамдын максаты коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча кылмыш жаза жана укук ченемдерин жакшыртуу болуп эсептелет.