БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Казакстанда болгон жол кырсыгында каза болгон 4 кишинин сөөгү мекенине алынып келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Машинада 19 кишинин үчөө кичинекей бала болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгынан Кыргызстандын 16 жараны каза болду
Таанылган төрт сөөк салынган КР ӨКМдин КамАЗ автомашинасы Балхаш шаарынан 22-апрелде 16:40та чыккан. Бүгүн түндө Махамаджан Амираев (1974-жылы туулган), Мукамбет Сартмамбетов (1982-жылы туулган), Максатбек Сойкоев (1985 —жылы туулган), Ерлан Арыскуловдун (1992-жылы туулган) сөөгү алынып келди.
1 адамдын сөөгү Чүй облустук Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына жеткизилип, туугандарына өткөзүлүп берилди. 3 адамдын сөөгү "Мерседес-Бенц" Спринтер унаасына жүктөлүп, саат 07:00дө Ош шаарына жолго чыкты.
Каза болгондордун туугандары буга чейин 10 сөөктү алып келген. Ал эми бир кишинин сөөгү таанылгандан кийин КРге жеткирилет. Дагы бир кишинин сөөгү таанылбай жатат.
Приозерск ооруканасында кыргызстандык эки жаран бар. Бирөөсүнүн абалы туруктуу, экинчисиники оор бойдон калууда. Балхашка дагы бир бейтап жеткирилген, анын абалы туруктуу, бирок оор.