БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөттүн курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал жетектей турган жаңы өкмөттүн курамын жактырышкан.
Темир Сариев жетектей турган өкмөттүн курамы Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнөн анча деле айырмаланбайт. Бул өкмөттүн курамына жаңы үч министр кирди. Алар: экономика министри – Олег Панкратов, каржы министри – Адылбек Касымалиев, транспорт жана коммуникациялар министри – Аргынбек Малабаев.
Темир Сариев жетектеген министрлер кабинетине кимдер киргенин Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз>>
Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөттүн жаңы курамы
Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөттүн жаңы курамы