00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуу Британияда парламенттик шайлоо башталды

© REUTERS / Stefan WermuthДэвид Кэмерон на выборах. Архив
Дэвид Кэмерон на выборах. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 650 бир мандаттуу аймакта мажоритардык система боюнча өтүп жатат. Бул ар бир конкреттүү аймакта шайлоочулар партия үчүн эмес, конкреттүү талапкер үчүн добуш берип, көп добуш алганы жеңүүчү болот дегенди билдирет.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Улуу Британияда өкмөттүн курамын жана өлкөнүн багытын жакынкы беш жылга аныктай турган парламенттик шайлоо башталды. Шаршемби күнү эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында добуш берүүчү жайлар ачылды. Британиялыктар общиналар палатасынын толук курамын шайлашат. Министрлер кабинетинин негизги чечимдери дал ошол палатанын жактыруусу менен өтөт. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Шайлоодо 97 пайыздан ашуун добуш алган Назарбаев элге ыраазчылыгын айтты
Добуш берүүчү жайлар 07.00 — 22.00 ачык болот (Бишкек убактысы боюнча бейшемби күнү саат 12.00 – жума күнү таңкы 03.00 чейин).

Шайлоо 650 бир мандаттуу аймакта мажоритардык система боюнча өтүп жатат. Бул ар бир конкреттүү аймакта шайлоочулар партия үчүн эмес, конкреттүү талапкер үчүн добуш берип, көп дорбуш алганы жеңүүчү болот дегенди билдирет. 

Шайлоодо Улуу Британиянын, Ирландиянын (Бириккен Падышалыкта жашоочу) жана Британ Кызматташтык өлкөлөрүнүн 18 жаштан жогорку жана добуш берүүгө юридикалык чектөөлөрү жок бардык жарандары добуш бере алат.

Британиянын монархына да добуш берүү жагынан эч кандай чек коюлган эмес, бирок монархтын добуш берүү факты Конституцияга каршы деп таанылбашы үчүн, ал эч качан добуш берүүчү жайга келген эмес. 

Андан тышкары, каттоого алынган шайлоочу почта же өзүнүн ишенимдүү кишиси аркылуу добуш бере алат. Британиянын шайлоо комитети өз бюллетенин почта менен жиберүүгө үлгүрбөй калгандарга аны шайлоо күнү добуш берүүчү жайга жеке алып келип берүүгө уруксат кылат.

Британия, Франция, немис жарандарынын дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз каранды болушун каалайт
Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоочулардан тышкары, "добуштарды эсептөөчүлөр" (tellers) — партиялык ыктыярчылар да көз салып, алар добуш берилип жаткан жайлардын жанында катталган шайлоочуларга эсеп жүргүзүп, эң маанилүүсү, өз партиясынын добуш бербей калган жактоочуларын аныктап, аларды добуш берүүгө чакырышат. Бирок добуш берилип жаткан жайлардын ичинде "эсепчилерге" үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

Шайлоого бир күндөн кем убакыт калганда башкы атаандаштар — консерваторлор менен лейбористтердин ичинде айкын лидерлер аныкталган жок. Коомдук пикирге карата жүргүзүлгөн көпчүлүк сурамжылоолор көрсөткөндөй, лидерлер дээрлик бирдей пайызга ээ. Бирок айрым маалыматтар боюнча тори аз болсо да саясий атаандаштарынан озуп жатат.

YouGov кызматынын маалыматы негизги партиялар 34%дан бирдей добуш, UKIP 12% добуш алып жатканын көрсөтүүдө. 

Ар түрдүү сурамжылоолор боюнча улам тиги же бул партиянын пайдасына 1-3%дык добуш шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө туруктуу байкалып турду. Шайлоо алдында партиялар бул абалды өзгөртө алган жок, жана эч бири азырынча алдыга чоң жылыш жасай элек.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0