00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуу Ата мекендик согуш боюнча архивдик маалыматтар камтылган интернет-портал ишке кирди

Жазылуу
Кыргызстандын интернет мейкиндигинде бул мындай мазмундагы биринчи ресурс. Порталдын маалымат топтомунда согуш мезгилиндеги кыргызстандыктар тууралуу 140 миңдей маалымат, архивдик материалдар, китептер камтылган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жеңиш күнүн белгилөөгө карата Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) pobeda.srs.kg интернет-ресурсун ишке киргизди. 

Порталдын уникалдуулугу – анда Улуу Ата мекендик согуш мезгилине тиешелүү документтердин электрондук архиви камтылган деп билдирди МККнын маалымат кызматы.

Кызматтын төрагасынын орун басары Дастан Догоевдин сөзүнө караганда, интернет-ресурстан курман болгондор жана дайынсыз жоголгондор жөнүндө маалымат тапса болот. Ошондой эле согуштун катышуучуларын издөө жол-жоболору да иштелип чыккан.

"Кыргызстандан ал согушка 370 миңден ашык адам катышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда согуштун 5991 катышуучусу жана ооруктун эмекчилери жашап жатат. Тарыхчылардын айтымында, согуштун биринчи күндөрү эле Кыргызстандан фронтко өз ыктыяры менен кетүүнү каалаган жарандар чыккан", — дейт ал. 

Догоев аталган долбоор МКК тарабынан демилгеленип, "Инфоком" МИ ишке ашырганын билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын интернет мейкиндигинде бул мындай мазмундагы биринчи ресурс. Порталдын маалымат топтомунда согуш мезгилиндеги кыргызстандыктар тууралуу 140 миңдей маалымат, архивдик материалдар, китептер камтылган.

"Келечекте архивдик маалыматтарды кеңейтүүнү пландап жатабыз", — дейт "Инфоком" МИ директору Талант Абдуллаев. 

Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган интернет-сайт РФте иштей баштады
Аталган портал эки тилде экенин белгиледи ал. Сайттын маанилүү бөлүгү болуп согуш мезгилинде курман болгон жана дайынсыз жоголгон жоокерлер боюнча маалымат топтому, Кыргызстандан чакырылган согуштун катышуучулары жөнүндө маалымат издөө эсептелет.

Долбоор Россиянын Коргоо министрлиги, КРдин Коргоо кеңеши жана МККнын архивдик агенттиги менен кызматташтыкта ишке ашты. 

Фашисттерге каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн 74 кыргызстандык жоокер Советтер Союзунун баатыры наамын алган. 21 кыргызстандык Даңк орденин үч даражасына ээ болгон. Ал эми 150 миң кыргызстандык өз каармандыгы үчүн орден жана медалдар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0