БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Хабаровск шаарындагы кыргыздар Жеңиш күнүнө карата оңдолуп жаңыдан курулган Өчпөс оттун ачылыш аземине катышканын Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын консулдугу кабарлады.
Оңдолгон өчпөс отко Москвадагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн атайын алынып келинген от жагылды. Иш чарага Кыргызстандын өкүлдөрүн Хабаровск аймагынын өкмөтү чакырган. Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев баштаган кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерип, гүл коюшкан.
Мындан сырткары 11-майда Кыргызстандын консулдугунун демилгеси менен Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган волейбол боюнча турнир өтөт. Ага Хабаровск шаарында жашаган түрдүү улуттардын өкүлдөрү – Түндүк Корея, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Белоруссия, Орусия жана Кыргызстандык оюнчулар катышат.
Спорттук мелдеште кыргыздардын улуттук тамак-аштары спортчуларга жана күйөрмандарга тартууланат.