![Кымыз: даярдоо, курамы, пайдалуу касиеттери жана дарылануучу жайлардын картасы Кымыз: даярдоо, курамы, пайдалуу касиеттери жана дарылануучу жайлардын картасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101549/16/1015491659_0:0:0:0_600x0_80_0_0_d7e61416c256a8967fda331cf56e32b4.png)
Салт катары саламаттык үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат.
Бээнин сүтү жана кымыз менен дарылоо май айынын ортосунан башталып, июлдун орто ченинде асманда Үркөр чыкканга чейин улантылат.
Көрөңгөсүнүн көлөмүнө, ачыткан убактысына жараша кымыздын күчтүүлүгү ар кандай болот. Көрөңгөсү көп жана көпкө турган кымызда спирттин деңгээли жогору болуп, ал эми жаңы сүт кошулган кымыз жеңил келет.