БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда инфляция эки пайызга, Ички дүң продукциясынын деңгээли 7 пайызга өскөнүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч Евразиялык экономикалык биримдике мүчө башка мамлекеттерге караганда жакшы. Мисалы, Россия менен Казакстанда ИДПнын деңгээли жыл башынан бери 2,2 пайызга, Белоруссияда 2 пайызга чейин түшкөн. Инфляциянын деңгээли бардык мамлекеттерде болжонгондон жогору.
"Ушундай өсүштү Кыргызстанда мындан ары да кармап туруу керек. Экономика министрлиги инфляциянын деңгээли сегиз пайыздан ашпашы үчүн бардык аракетин көрүшү зарыл", — деди министр.
Премьер эң чоң жетишкендик катары Кыргызстанга алынып келип жаткан 166 товарга беш жылдык мөөнөткө чейин жеңилдик берилишине жетишүү болгонун белгиледи.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн Sputnik сайтынан көрсөңүздөр болот>>>
![ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101546/29/1015462986_0:0:998:2000_600x0_80_0_0_b274c6f82bf922bf5c5ab5a1383e019d.png)