БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Америкалык окумуштуулар дүйнөдө биринчи жылуу кандуу балыкты табышты деп билдирет РИА Новости Sience илимий журналына таянуу менен.
Окумуштуулар аныктагандай, суунун тереңинде жашоочу, ай балыгы (Moonfish) деп да атала турган кадимки опах (Lampris guttatus) балыгы сүт эмүүчүлөр менен канаттуулар сыяктуу өз денесинде жылуулукту сактай алат. Мындай ачылыш Калифорния жээгинен алыс эмес жерде океан жандыктарына изилдөө жүргүзүү учурунда жасалган.
Ай балыгы көкүрөк канатын үзгүлтүксүз кагуу менен жылуулук бөлүп чыгат. Дененин температурасын кармап турууга май катмары жана бакалоорунда жайгашкан кан тамырларынын өзгөчө түзүлүшү да өбөлгө болот.
Мындай өзгөчөлүк, окумушуулардын пикиринде, бул балыктарды көтөрүмдүү кылып, океандын тереңиндеги башка жырткыч жандыктарга атаандаш болууга мүмкүндүк берет.
Журнал билдиргендей, окумуштуулар балыкты суудан кармап чыгып, денесинин жылуугунун өлчөп көрүшкөн. Lampris guttatus температурасы өзү сүзүүчү суудан 5°C жогору экендиги аныкталган.
Опах түркүмүнө кирүүчү балыктар океандын 50-200 метр тереңдигинде жашайт. Ал жерде суунун жылуугу 10° градустан көтөрүлбөйт жана бул балыктар негизинен майда балыктарга, кальмарларга жана көнөк баш түрүндөгү жандыктарга аңчылык кылышат. Аталган балыктын узундугу 1-2 метрге, ал эми эң чоңдорунун салмагы 270 килограммга жетет.