БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору Аалы Карашевдин ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча жазган арызын өлкө башчысы канааттандырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Карашев бул кызматты 2012-жылдын сентябрь айынын бери ээлеп келген. Буга чейин ал Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда биринчи вице-премьер-министрлик кызматын аткарган.