БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандык ырчылар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып, Футбол федерациясынын талаасында машыгып жатышат.
"Арт-футбол" деп аталган футболдук-музыкалык фестиваль Москва шаарында 2015-жылдын 5-14-июнь аралыгында "Жакшылыктын желеги алдында" деп аталган кайрымдуулук акциясынын алдында өтөт. Бул бирден-бир эл аралык масштабдагы акция быйыл бешинчи ирет өтүп жатат.
Футболчулар машыгууну жекшембиде башташты, эми ала турнирдин башталышына чейин тер төгүп, даярданышмакчы.
Кыргызстандык курама командасына музыкант Адил Чекилов, заманбап бийлер боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Атай Өмүрзаков, "Ретро FM" радиосунун алып баруучусу Боря Глобус, спорттук комментатор Тахир Гафуров, "Инсан" тобунун ырчысы Тынай Алыбаев, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов, композитор жана ырчы Эмил Кенжекулов, "Аян" (азыркы "Город 312") тобунун нешгиздөөчүлөрүнүн бири Тилек Токтоналиев, "К52" тобунун ырчысы Александр Волкодав жана актер Уланбек Өмүралиев кирди.