БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек — Белгород аба каттамы калыбына келтирилгенин Sputnik агенттигине "Эйр Бишкек" авиакомпаниясынын коммерциялык бөлүмү билдирди.
Россиянын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Белгород облусуна эми учактар жума сайын учуп турат. Рейстерди дүйшөмбү күнү "Эйр Кыргызстан", ал эми шейшемби күндөрү "Эйр Бишкек" компаниялары тейлейт.
"Бишкек — Белгород авиарейси аталган багытка болгон суроо-талаптын көптүгүнөн улам калыбына келтирилди. Билеттин эң арзан баасы 150 еврону түзөт", — деп маалымдашты компаниядан.
Белгород — Бишкек багытына суроо-талап июнь, июль жана август айларында жогорулайт.
Жүргүнчүлөр орто магистралдык Boeing-737 жана Airbus-320 учактары менен учушат. Учуунун узактыгы төрт сааттан ашык.