БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылында кой кайтарып жүрүп дайынсыз жоголуп кеткен он жашар баланын сөөгү табалганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Он жаштагы Бактынур Раимов 27-майда түштөн кийин кой кайтарып жүрүп, Отуз-Адыр каналына белгисиз себептер менен түшүп кеткен.
Издөө иштерине ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучусу чыгып, анын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.