БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалганын Чүй облусунун ШИИБ маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 6-июнунда Чүй облусунун ШИИБ 10-башкармалынын кызматкерлери тарабынан УКМК менен биргеликте Военно-Антоновка айлынын 40 жаштагы тургуну кармалган. Тинтүү учурунда жарандын үйүнөн "Хизб ут-Тахрир” экстермисттик уюмдун идеялары камтылган 16 китеп, ноутбук, 11 баракча, ошондой эле аудио жана DVD видео дисктери табылган.
"Буга чейин кармалган адам экстремисттик иш-аракеттери үчүн бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.