БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Орозо 18-июнда башталат деп Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Ракиев Sputnik маалымат сайтына билдирди.
Ал буга чейин айтылган божомолдор дээрлик туура экенин айтты.
"Кудай буюрса, Орозо 18-июнда башталат деп турабыз. Буга чейин божомол деп айтылган, бул эми 80 пайыз туура келет", — деди муфтийдин орун басары Ракиев.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилерин айтышкан.
Муфтияттын маалыматында, Орозо Кыргызстанда 18-июнда башталса, акыркы күнү 16-июлга туура келип, ал күнү шектик жасалып, 17-июлда Орозо айт майрамдалат.
2015-жылдын орозо календары
![2015-жылдын орозо календары 2015-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101610/40/1016104053_0:0:998:2046_600x0_80_0_0_1490ea6c3d580fdb3f65e0c3825ab479.png)
2015-жылдын орозо календары