БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кыргызстандан жумуш издеп Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа аймагындагы чек араны бузган Өзбекстандын 18 жараны кармалганын КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 18 жараны – 16 аял, эки киши Кыргызстандан жумуш издеп, чек араны мыйзамсыз бузуп киришкен. Текшере келгенде, алардын жанында ким экенин аныктоочу документтер жок болуп чыккан.
Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалгандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.