Каза болгон баланын атасы Шурубек Шабаев, эгер сот адилет чечим чыгарбаса, уулун аткан жол кайгуул кызматынын инспекторун өзү жазалай турганын айтты.
"Биздин үнүбүз жетсе, ушуну уксаңыз, президент Алмазбек Атамбаев. Карапайым калкты ушинтип эле ок чыгарып, ата берсе ким калат? Органды тартипке салышыңызды жана баламдын өлүмү боюнча акыйкаттыкты гана сурайм. Балам жөндөн-жөн эле өлүп калды. Эгер адилеттүү сот болбосо, өзүм жазалайм. Мен адилеттүү сот, адилеттүү чечим болот деп күтөм", — деди ал.
КРдин Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын ага инспектору Тилек Оторов Чүй облустук ИИББдин Жол кайгуул кызматына таянуу менен буга чейин билдиргендей, бейшемби күнү болжол менен түнкү саат тогуз жарымдарда Жол кайгуул кызматынын кызматкери "Ниссан Альмеро" автомашинасын айдап бараткан 23 жаштагы Тилек Шабаевди атып салган. Алардын маалыматында, бала автоуунасы менен кызыл жарыкка токтобой өтүп кеткен. Бул окуя Чүй облусунун Беловодское айылында болгон.
Жол кайгуул кызматынын инспектору Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.