БИШКЕК, 18-июнь – Sputnik. Кыргызстанда Орозо айт 17-июлда болот деп белгиленип жатат. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Sputnik маалымат сайтына билдирди.
"Кыргызстанда Орозо кармоо 16-июлда аяктап, Орозо айт 17-июлга туура келет деп божомолдонууда", — деди Токтомушев.
18-июндан тарта Кыргызстандагы мусулман журту орозо кармап баштады. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча 03:00тө ооз жабылды. Ифтар кечки саат 20:48ге туура келет.
2015-жылдын орозо календары
![2015-жылдын орозо календары 2015-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101610/40/1016104053_0:0:998:2046_600x0_80_0_0_1490ea6c3d580fdb3f65e0c3825ab479.png)
2015-жылдын орозо календары