https://sputnik.kg/20150629/1016351235.html
Сахалинде уруксаты жок митингге чыккан КРдин жараны Россиядан чыгарылды
Сахалинде уруксаты жок митингге чыккан КРдин жараны Россиядан чыгарылды
Sputnik Кыргызстан
КРдин жаранына уруксаты жок митинг өткөрүүгө аракет кылганы үчүн айып салынып, өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынды. 29.06.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-06-29T10:27+0600
2015-06-29T10:27+0600
2021-12-16T22:08+0600
https://sputnik.kg/img/101635/14/1016351413_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_2a1fe1c75646ebf5bc648ad4503b8b35.jpg
сахалин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, дүйнөдө, жаңылыктар, миграция, сахалин, россиянын федералдык миграциялык кызматы, россия
окуялар, дүйнөдө, жаңылыктар, миграция, сахалин, россиянын федералдык миграциялык кызматы, россия
Сахалинде уруксаты жок митингге чыккан КРдин жараны Россиядан чыгарылды
10:27 29.06.2015 (Жаңыртылды: 22:08 16.12.2021) КРдин жаранына уруксаты жок митинг өткөрүүгө аракет кылганы үчүн айып салынып, өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынды.
БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Кыргызстандын жараны Сахалинде уруксаты жок митинг өткөрүүгө аракет кылганы үчүн Ногликский районундук соту айып салганын Федаралдык миграция кызматынын Сахалиндеги башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Аймактын күч түзүмдөрү улуттук диаспора өкүлүнүн уруксаты жок митингге чыгуусунун алдын алды. Кошумча текшерүү учурунда митингге чыккан жарандын Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Федаралдык миграция кызматынын Сахалиндеги башкармалыгы Кыргызстандын жараны мыйзамдарды бузгандыктан, аны жоопко тартуу керектиги жөнүндө маселе көтөргөн.
Ногликский районунун соту Россиянын аймагында жүрүү эрежесин бузуп жана мыйзамсыз митинг уюштуруу аракети үчүн Кыргызстандын жаранын күнөөлүү деп таап, 22 миң рубль өлчөмүндө айып салып, РФнын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарган.