00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Максимальный репост
100 миллионов долларов! Россия продолжает оказывать КР продовольственную помощь
16:04
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сирияга чыгууга аракет кылган кыргызстандык аял Москвадан кармалды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириядагы лагерь. Архив
Сириядагы лагерь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ маалыматы боюнча, 2015-жылдын мартында кармалган аял менен таанышуу үчүн анын баракчасына өзүн ИМ террористтик уюмдун катышуучусумун деген Хаттаб аттуу адам чыккан.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Москванын Домодедово аэропортунан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Артур Медетбеков: Сирияга кеткендер 400гө чукулдады, түшүндүрүү иштеринде аксап жатабыз
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы айылдардын биринде жашаган 25 жашар Хамиданын күйөөсү, эки кичинекей баласы бар. Москвада аны адамдарды Сирияга жөнөтүп турган Хасан аттуу адам тосуп алмак. 

Хамиданын айтымында, ал салттуу исламдын эрежелерин тутунуп жашап, бара-бара интернеттен диний агымдын башка түрлөрү менен жакындан тааныша баштайт. Хамида сүйлөшүүлөрдү Skype, Whats App жана "Одноклассники" сайты аркылуу жүргүзгөн. 

ИИМ маалыматы боюнча, 2015-жылдын мартында кармалган аял менен таанышуу үчүн  анын баракчасына өзүн ИМ террористтик уюмдун катышуучусумун деген Хаттаб аттуу адам чыккан. 

Ошто жарандарды Сириядагы согушка үндөгөн адам кармалды
Маалыматка караганда, кат жазышкандан бир аз убакыт өткөндөн кийин Хаттаб Хамидага башка жакка көчүүнү ("хиджера" жасоону) сунуш кылат. Хаттабдын айтымында, мындай көчүп-конуу үчүн күйөөнүн макулдугу зарыл эмес. Ошондой эле ал Хамиданы жаңы паспорт менен камсыз кыларын билдирип, Сирияда тынч жашап, согуш аракеттерине кааласа гана катыша турганын айтат. Хамида макул болуп, Москвага келет. Шарт боюнча ал жактан Түркияга, андан ары Сирияга учуп кетмек. 

Алдын ала иликтөөлөр боюнча, Хамиданын кетишине үй-бүлөдөгү чыр-чатактуу турмуш, туугандарынын көңүл сыртында калуусу себеп болгон.

ИИМ аялдын Сирияга кетишин уюштурууга тиешеси бар адамдарды издөөгө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0