БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Ош – Тамчы каттамы боюнча алгачкы учак келип конду. Аны менен 104 киши Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келlи.
Аталган аба каттамы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жашоочуларынын Ысык-Көлгө жетишин жеңилдетүү максатында ачылды. Аба каттам менен Ысык-Көлгө 45 мүнөттө келүүгө болот.
![Ысык-Көл эл аралык аэропорту Тамчы шаарында Ысык-Көл эл аралык аэропорту Тамчы шаарында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101648/57/1016485731_0:0:1619:1018_600x0_80_0_0_37b2c8ab4e10e6a37a825364cdbeb31b.jpg)
![Аталган аба каттамы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жашоочуларынын Ысык-Көлгө жетишин жеңилдетүү максатында ачылды. Аталган аба каттамы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жашоочуларынын Ысык-Көлгө жетишин жеңилдетүү максатында ачылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101648/66/1016486698_0:0:1620:1019_600x0_80_0_0_b499b090dbf636d9a806e2c7155b5aa1.jpg)
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин түштүк аймактардан Ысык-Көлгө келүү үчүн 7 миң сомго чейинки акча жана 7-8 саат убакыт коротушчу.
Авиабилеттердин баасы 3 миң сомдон 4,5 миң сомго чейин жетет. Ош – Тамчы – Ош каттамы боюнча ВАЕ 146-200 учагы жумасына эки жолу учат. Учакта 99 орун бар.
"Ысык-Көл" аэропортунун орто магистралдык учактарды кабыл алышы үчүн эл аралык "Манас" аэропорту 18 миллион доллар жумшаган. Каражаттын 6 миллион доллары учуп-конуу тилкесин 500 метрге чейин узартууга кеткен.