БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан 10 адам өз укуктары бузулганы жөнүндө арыз жазганын Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Омбудсмен институтунун кызматкерлери Башкы прокуратура жана кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору менен биргеликте Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында болуп, андагы жарандардын абалы менен таанышты.
Текшерүү учурунда камакта 37 адам менен сүйлөшүлүп, натыйжада, бир катар укук бузуулар аныкталган.
"Эки жарандын кармоо протоколунда адвокаттардын колу коюлган эмес, дагы экөө жактоочуларын көрбөгөндүгүн айтышкан. Дагы бир айыпталуучуну күнөөсүн мойнуна алганына карабастан, мекеме кызматкерлери ур-тепкиге алып кыйнашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Бардык айтылган дооматтар Акыйкатчы институтунун жана Башкы прокуратуранын иликтөөсүнөн өтүп, бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөр кызмат абалынан пайдаланып, көп учурда кармалган адамдарга орой мамиле жасашары аныкталды.