БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн белгилей турганын парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов билдирди.
Анын айтымында, шайлоонун өтө турган күнү бүгүн-эртең белгилүү болот.
"Жеке менин оюмча, кесиптешим Галина Скрипкина айткандай, шайлоо, Баш мыйзамга ылайык, 4-октябрда өтүшү керек", — деди Кулов.
Быйыл күзүндө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары шайланат.