00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: элдин аскерге болгон ишеними жогорулоодо

Жазылуу
Президент Кыргызстанда аскердик реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, жигердүү иш-чаралар өлкөнүн коргонуусун бекемдеп, коопсуздугун сактай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Мамлекет аскерге болгон мамилесин түп-тамырынан бери өзгөрттү деп президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын күнүнө карата №708 ыкчам аракеттеги өз алдынча батальонго Аскер туусун тапшыруу аземинде билдирди.

Өлкө башчысы бүгүнкү күн Улуттук гвардия үчүн кош майрам экенин белгилеп өттү.

"Быйыл Улуттук гвардиянын түзүлгөнүнө 23 жыл толду. Бул убакыт аралыгында гвардия өнүгүүнүн бардык баскычтарын басып өттү", — деди президент.

Атамбаев мамлекет акыркы жылдары аскерге болгон көз карашын түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн белгиледи.

"Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чыңдоого бардык аракеттер көрүлүп жатат. Аскер адамдарынын жашоо шартын жакшыртуу, аларды социалдык-укуктук коргоого алуу учурда мамлекеттин негизги милдетине айланды. Бишкек, Ош шаарларында күч түзүмдөрү үчүн турак-жайлар пайдаланууга берилди, башка аймактарда курулуш иштери уланууда", — деди өлкө башчысы.

Президент Кыргызстанда аскердик реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолду.

"Куралдуу күчтөрдү башкаруу Башкы штабга өткөрүлүп берилди. Аскер кызматкерлери заманбап жабдуу менен камсыздалып жатат. Бүгүнкү күнү бир тоннадан ашуун курал-жарак келди. Мындай аракеттер дагы уланат. Бул чаралар Кыргызстандын коргонуусун бекемдеп, коопсуздугун сактайт", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган параддан гвардиячылар татыктуу өтүшкөнүн кошумчалады.

"Тапшырылган Аскер туусу кандай гана шарт болбосун, сиздер менен болот деп ишенем. Анткени анын наркы айрым учурда өмүрдөн да кымбат турат", — деп белгиледи президент.

Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл аянтта даярдыктарын көрдү
Атамбаев бүгүнкү күнү коомчулуктун аскерлер болгон ишеними калыбына келип, аскердик кызмат өтөөнүн кадыр-баркы жогорулап келе жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, кайрадан түзүлүп жаткан бөлүккө 500 миң сом өлчөмүндө сертификат берип, бир катар жоокерлерге саат тапшырды.

Иш-чаранын аякташы менен өлкө башчысы Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндөгү курал-жарактардын жана техниканын үлгүлөрү менен таанышып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0