Sputnik агенттиги сүрөтчү Александр Федоров тарабынан тартылган уникалдуу кадрларды тартуулайт.
Баланын ролун Нургазы Сыдыгалиев, Момунду Асанкул Куттубаев ойногон. Зөөкүр Орозкулдун образын Орозбек Кутманалиев жаратса, Карыз таенени Сабира Күмүшалиева, Гүлжамал сулууну Айтурган Темирова, шаман кемпирди Даркүл Күйүкова ойногон.
Тасмадагы окуя Ысык-Көлдө тоо арасындагы токой чарбасында өтөт. Өзү курлуу теңтуштары жок, атасын өмүр бою сагынган жети жашар бала чоңдордун арасында өсүп, өзү менен өзү ойноого аргасыз. Таятасы Момун айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашап келет.
Бирок, кадимки турмушта баары ал ойлогондой таза, жөнөкөй эмес. Чоңдор зөөкүр Орозкулдун кыял-жоругуна унчукпай чыдап келишет. Баланын гана аруу жүрөгү таарынычка толуп, акыйкатсыздыкка таптакыр макул боло албайт. Акыры Момун чал үйрөтүп, ымыркай кезинен жан дүйнөсүнө сиңирип келген дүйнөдөн арыла албай, бул жашоонун адилетсиздигин көтөрө албай, балык болуп сүзүп кетти…
![Тасманын алгачкы дубли жарабай калган – шампандын бөтөлкөсү кинокамеранын кабелине зыян келтирген. Тасманын алгачкы дубли жарабай калган – шампандын бөтөлкөсү кинокамеранын кабелине зыян келтирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/31/1016983181_0:0:2000:1308_600x0_80_0_1_e1ccdab01503a89838f79dae93d336ca.jpg)
![Кырсык тооруп, актер-бугу өлүп калат. Бирок, киночулардан амал качып кутулбаптыр. Эпизоддордо суунун үстүндөгү баш жансыз бугунуку болсо, дене москвалык суучулга таандык экен. Кырсык тооруп, актер-бугу өлүп калат. Бирок, киночулардан амал качып кутулбаптыр. Эпизоддордо суунун үстүндөгү баш жансыз бугунуку болсо, дене москвалык суучулга таандык экен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/33/1016983303_0:0:1872:2000_600x0_80_0_1_e47806606bf627564efabe97073bf07a.jpg)
![Кино тартуу учурунда боек пайдаланууга тыюу салынгандыктан, авторлор ак суудан аккан канды берүү үчүн сүт менен кадимки канды пайдаланышкан. Кино тартуу учурунда боек пайдаланууга тыюу салынгандыктан, авторлор ак суудан аккан канды берүү үчүн сүт менен кадимки канды пайдаланышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/33/1016983360_0:0:2000:1310_600x0_80_0_1_cab98cd2646453953415d6398c5d6964.jpg)
![17 жаштагы Айтурган Темирова Индия ырларын кубулжутуп созгон Гүлжамал сулуунун ролунда. 17 жаштагы Айтурган Темирова Индия ырларын кубулжутуп созгон Гүлжамал сулуунун ролунда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/34/1016983416_0:0:2000:1433_600x0_80_0_1_a04c7bd06f505f7f39ec05aa7205bdc8.jpg)
![Катаал тоолуу шартта дагы Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тартууга жетишкен. Катаал тоолуу шартта дагы Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тартууга жетишкен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/35/1016983558_0:0:1886:1327_600x0_80_0_1_0ddc10ac2cab45690d9a5079d3187103.jpg)
![Момун чалдын ролундагы Асанкул Куттубаев Болот Шамшиев менен кезектеги эпизодду даярдап жатышат. Момун чалдын ролундагы Асанкул Куттубаев Болот Шамшиев менен кезектеги эпизодду даярдап жатышат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/36/1016983613_0:0:1612:2000_600x0_80_0_1_1785c09ee5ef5783b175833376e647ee.jpg)
![Эх-хх, таене, таене... СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева Карыз таененин образын жараткан. Эх-хх, таене, таене... СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева Карыз таененин образын жараткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/37/1016983701_0:0:2000:1614_600x0_80_0_1_a5d9fff1bd45039a56af125585a2f86f.jpg)
![Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал Птицы наших надежд тасмасында Тимурдун ролун ойнойт. Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал Птицы наших надежд тасмасында Тимурдун ролун ойнойт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/37/1016983758_0:0:1980:1538_600x0_80_0_1_e3aea3857889b715a035c7871750b199.jpg)
![Ошондогу Асанкул Куттубаевдин мындай образын азыркынын актерлору жарата алары күмөн. Алар кооптуу жерлерде да каскадерлордун кызматын пайдаланбаганга аракет кылышкан. Ошондогу Асанкул Куттубаевдин мындай образын азыркынын актерлору жарата алары күмөн. Алар кооптуу жерлерде да каскадерлордун кызматын пайдаланбаганга аракет кылышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/38/1016983813_0:0:2000:1235_600x0_80_0_1_59c4e46cae75353eb340c5d08c055d3c.jpg)
![Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аесуз чаап жатканы – дене-бойду дүркүрөткөн көрүнүштөрдүн бири. Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аесуз чаап жатканы – дене-бойду дүркүрөткөн көрүнүштөрдүн бири. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/38/1016983868_0:0:2000:2071_600x0_80_0_1_d80bff02c4e5fcbf79da1c001c4f1d9b.jpg)
![Мас адамдардын окуясын реалдуу чагылдырып, образга кириш үчүн кээде кадимки эле арак колдонулган. Мас адамдардын окуясын реалдуу чагылдырып, образга кириш үчүн кээде кадимки эле арак колдонулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/39/1016983967_0:0:2000:1758_600x0_80_0_1_a5a1afbf8a9a402df085cab01a6bc5a1.jpg)
![Болот Шамшиев кийинки окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жатат. Болот Шамшиев кийинки окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/40/1016984062_0:0:2000:2004_600x0_80_0_1_1a269748a89751ea9374422c182264e8.jpg)
![Режиссер Болот Шамшиевдин тасманы жарык дүйнөгө жараткан сыйкырдуу мотор! деген буйругу. Режиссер Болот Шамшиевдин тасманы жарык дүйнөгө жараткан сыйкырдуу мотор! деген буйругу. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/41/1016984124_0:0:2000:1559_600x0_80_0_1_162abfa0726de102f58d85908fdfe93b.jpg)
![Айтурган Темированын эпизодун репетициядан өткөрүү. Айтурган Темированын эпизодун репетициядан өткөрүү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/42/1016984205_0:0:2000:1343_600x0_80_0_1_9421f3a1c05bf70ed4d06589f49fb763.jpg)
![Шаман аялдын образын жараткан Даркүл Күйүкова тасманын согуштук эпизодунда. Шаман аялдын образын жараткан Даркүл Күйүкова тасманын согуштук эпизодунда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/42/1016984261_0:0:2000:1529_600x0_80_0_1_eb0ca3ceda808afb58e8061b76edae1a.jpg)
![Бугу эненин бешиктеги баланы сактап калышы. Үңүлө келгенде, бул фрагменттин камера артындагы түйшүгү арбын болгон. Бугу эненин бешиктеги баланы сактап калышы. Үңүлө келгенде, бул фрагменттин камера артындагы түйшүгү арбын болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/59/1016985994_0:0:2000:1328_600x0_80_0_1_9b6d3ab793a65a64ca4b02e9608de6aa.jpg)