00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жирафтын сөөгү Кыргызстанда биринчи жолутабылды

© Sputnik / Андрей Максимов / Медиабанкка өтүүЖираф. Архивное фото
Жираф. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкордон табылган жирафтын буту жана башынын бөлүктөрү, кериктин омурткасы жана баш сөөгүнүн калдыктары, канаттуу менен чычкандардын сөөктөрү кыргызстандык сейсмологдорго Тянь-Шань тоолорунун канчалык ылдамдык менен өсүп жатканын аныктоого жардам берди.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Таш болуп катып, жерде алты миллион жылдай жаткан экзотикалык жаныбарлардын калдыктары Нарын облусунун Кочкор районунда табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине америкалык изилдөөчү Уин Маклафлан билдирди.

Анын айтымында, изилдөө кыргыз окумуштуусу Канатбек Абдрахматовдун жетекчилиги алдында жүргөн.

Кочкордон табылган носорогдун жана канаттуулардын калдыктары мурда да ушул аймактан табылганын айткан окумуштуу, жираф менен чычкандардын сөөктөрү биринчи жолу табылып жатканын кошумчалады.

"Таш болуп катып калган жаныбарлардын калдыктарынан улам алты миллион жыл мурун жашаган жирафтар азыркыдан эки эсе кичине болгонун айгинелеп турат", — дейт Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору, геологиялык-минералдык илимдердин доктору Канатбек Абдрахматов.

Ал бул табылгалар сейсмологдор үчүн баа жеткис экенин белгилейт жана учурда жер титирөөгө алып келген жер кыртышынын жылышы качан башталганын билсе болорун айтат.

"Биз буга чейин Тянь-Шань тоолорунун өсүшү өтө жай деп келген болсок, табылган сөөктөрдү изилдегенден кийин алар жылына 1 миллиметр өсүп жатканын айта алабыз", — деди Абдрахматов.

Ал ортодо Уин Маклафлин табылган сөөктөр толук изилдөө үчүн Америкага алынып келип, изилдөө бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтарыла турганын айтты.

"Изилдөө учурунда биз жаныбардын жашаган климаттык жана георграфиялык шарттарын эле аныктабастан, алардын сырткы көрүнүшүн да калыбына келтире алабыз", — деди Маклафлин.

Кийинки жылдан тарта Бишкектеги Тарых музейинде табылган сөөктөрдү көрө алышат. Ошондой эле жираф, керик жана канаттуулардын түзүлгөн келбетин көргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0