00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чойбеков: Кыргызстанда доллардын таңсыктыгы байкалууда

Жазылуу
Чет элдик туристтердин агымына карабастан республикада, доллардын таңсыктыгы бар. Муну менен катар сом күнүгө 5-10 тыйынга төмөндөп бара жатат. Девальвация мамлекеттин негизги өнөктөш өлкөлөрүндөгү кыйынчылыктар менен байланыштуу дейт эксперт.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Кыргызстанда доллардын таңсыктыгы байкалып жатканын Sputnik агенттигине "Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциация төрагасы Бактыбек Чойбеков билдирди.

Республикада турак жай, автоунаа сатуу, сатып алуу сыяктуу ички келишимдер доллар менен жүргүзүлөт. Ал эми тышкы соода операцияларынын бардыгы доллар менен ишке ашат.

"Кыргызстанга келген туристтердин көбү америкалык доллар менен келгенине карабастан, бүгүнкү күндө бул валютанын тартыштыгы байкалууда", — дейт Чойбеков.

Анын айтымында, Улуттук банк ички рынокто доллардын тартыштык маселесин кандай жол менен чечери белгисиз. Мында салттуу түрдө экономикалык өнөктөш болуп келген мамелкеттердеги кыйынчылыктардан улам сомдун курсу төмөндөп жатат.

"Мисалы, бир жума мурун бир доллар 60,8 сом турса, азыр 61,6 – 61,7 сомго бааланууда. Доллар күнүгө 5-10 тыйынга кымбаттап жатат", — деди ассоциациянын төрагасы.

Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк рыноктогу долларларды сатып алды
Акыркы бир нече айдын ичинен доллардын төмөнкү курсу май айында эң төмөн болуп, 58,5 сомго түшкөн. Июлдун ортосунда 63 сомго чейин чыгып, кайра төмөндөй баштаган. Өткөн жумадан тарта кайрадан көтөрүлүп, азыр америкалык валютанын баасы 61,6 – 61,7 сом болууда.

Акыркы эки жыл ичинде Улуттук банк валюталык интервенциянын жардамы менен доллардын көтөрүлүшүн көзөмөлдөп турду. Быйыл өлкөнүн башкы банкы валюта рыногуна 16 ирет чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0