БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Улуу Британия Ирактагы "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик тобуна каршы абадан сокку уруу операциясын 2017-жылдын мартына чейин узарта турганын өлкөнүн коргоо министри Майкл Фэллон билдирди.
"Биз №2 эскадрильянын кызмат мөөнөтүн төртүнчү жылга, 2017-жылдын мартына чейин узартабыз", — деген Фэллондун сөздөрүн Би-би-си телерадиокорпорациясы берет. Министрдин айтымында, операциялар Падышалыктын аскер күчтөрүнүн "Торнадо" учактарынын жардамы менен жүргүзүлөт.
Иракта иш сапары менен жүргөн Фэллон Батыштын кургак жердеги аскер күчтөрү ИМге каршы күрөшкө катышпай турганын баса белгилеп, Ирак мындай өтүнүч менен кайрылбагандыгын кошумчалады.
"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч жараткан эң ири күчтөрдүн бири. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын олуттуу жерлерин басып алган. Ошондой эле алар Түндүк Африка өлкөлөрүндө, атап айтканда, Ливияда үстөмдүк кылуу аракетин көрүүдө.
Ар кандай маалыматтар боюнча, ИМдин карамагындагы жер 90 миң чарчы чакырымга жетет. Ал аймакта террористтер халифат жарыялап, өз мыйзамдарын жана бийлик органдарын киргизген. Экстремисттик уюмга ар кандай божомолдоолор боюнча 50 миңден 200 миңге чейинки адам мүчө.