https://sputnik.kg/20150806/1017233167.html
Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион сомдон ашык зыян алып келди
Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион сомдон ашык зыян алып келди
Sputnik Кыргызстан
Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүүдө. 06.08.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-08-06T11:21+0600
2015-08-06T11:21+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101723/32/1017233299_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_45b171a294539fb0cb1cd22ebef71a8d.jpg
нарын
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, коом, жаңылыктар, нарын, ысык-көл, өзгөчө кырдаалдар министрлиги
окуялар, кыргызстан, коом, жаңылыктар, нарын, ысык-көл, өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион сомдон ашык зыян алып келди
11:21 06.08.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион 172 миң сом зыян алып келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү, 3-августта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен турак-жайларга селдин суусу кирген.
Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.
Селдин кесепетинен жалпысынан 33 турак-жай жана башка мүлктөр жабыркаган. Негизинен Орто-Саз жана Байгазак айылындагы үйлөр көп зыян тарткан. Эки айылды кошкондо IV даражада жабыркаган эки үй, III даражадагы сегиз жана II даражада 23 турак-жай аныкталган. Үйлөрдү калыбына келтирүүгө 6 миллион 800 миң сом керектелет.
Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген жалпы чыгым 7 миллион 172 миң 570 сомду түзөт.