https://sputnik.kg/20150806/1017246195.html
Хабаровскиде болгон жол кырсыктан Кыргызстандын жараны жабыркады
Хабаровскиде болгон жол кырсыктан Кыргызстандын жараны жабыркады
Sputnik Кыргызстан
Баш мээси чайкалып, бир катар жарат алган 55 жаштагы кыргызстандык аялдын абалы учурда канааттандырарлык деп бааланууда. 06.08.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-08-06T16:53+0600
2015-08-06T16:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101721/71/1017217169_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_285ee905914461cf836968f0a1c43944.jpg
хабаровск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, дүйнөдө, жаңылыктар, миграция, хабаровск
окуялар, дүйнөдө, жаңылыктар, миграция, хабаровск
Хабаровскиде болгон жол кырсыктан Кыргызстандын жараны жабыркады
16:53 06.08.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Баш мээси чайкалып, бир катар жарат алган 55 жаштагы кыргызстандык аялдын абалы учурда канааттандырарлык деп бааланууда.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын Хабаровскиде болгон ири жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жаран бар экенин аталган крайдын саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Шаршемби күнү Хабаровск — Комсомольск-на-Амуре автожолунун 144-чакырымында эки автобус кагышкан. Жол кырсыгынан каза болгон 15 адамдын ичинде бир кичине бала да бар. 63 жүргүнчү жабыркап, анын 27си Хабаровскинин ооруканасына жеткирилген.
Баш мээси чайкалып, бир катар жараат алган 55 жаштагы кыргызстандык аялдын абалы азыр канааттандырарлык деп бааланууда.
Мындан тышкары, министрликтин сайтына жол кырсыгынан жабыркагандардын аты-жөнү жарыяланды. Алардын арасында Якутиядан төрт, Комсомольск-на-Амуре шаарынан эки, Николаевскиден бир жана Новосибирскиден бир бала бар экени аныкталган. Калган жүргүнчүлөр Новосибирск облусунун жана Хабаровск крайынын жашоочулары болушкан.