00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ӨКМ: Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болду

© Фото / пресс-служба МИД КРӨКМ: Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болду
ӨКМ: Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун сөөктөрүн алып келүү үчүн ыкчам топ жана "Спринтер" автоунаасы даярдалганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

БИШКЕК, 8-авг. – Sputnik. Казакстандын Мойынкум районунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жараны Приозерск шаарындагы борбордук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Жамбыл облусунун Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Мойынкум районунун 405-чакырымында 7-августта таңкы саат 6:40да болгон.

"Сетра" үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобустун 29 жаштагы айдоочусу Нуржан Байтораев Астана – Шымкент багыты боюнча кетип баратып, жолдун каршы тарабына чыгып, "Тойота Ипсум" автоунаасы менен кагышкан. Жеңил унааны 27 жаштагы кыргызстандык айдап бараткан. 

© Фото / пресс-служба МИД КРКазакстандын Мойынкум районунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жараны оорукананага жеткирилген
1/2
Казакстандын Мойынкум районунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жараны оорукананага жеткирилген
© Фото / пресс-служба МИД КРЖол кырсыгы Мойынкум районунун 405-чакырымында 7-августта таңкы саат 6:40да болгон
2/2
Жол кырсыгы Мойынкум районунун 405-чакырымында 7-августта таңкы саат 6:40да болгон
1/2
Казакстандын Мойынкум районунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жараны оорукананага жеткирилген
2/2
Жол кырсыгы Мойынкум районунун 405-чакырымында 7-августта таңкы саат 6:40да болгон

Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон кыргызстандыктар:

  1. Даниярбек Эркебаев, 27 жашта (Ош облусу, Өзгүр); 
  2. Гүлүмкан Молдалиева, 38 жашта (Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жоон-Күнгөй айылы);
  3. Исламбек Жаанбаев, 18 жашта (Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жоон-Күнгөй айылы);
  4. Гүлбайра Атамирзаева, 41 жашта (Жалал-Абад обулсу, Ноокен району, Кызыл-Туу айылы).

Каза болгондордун сөөгү Шу шаарынын өлүкканасына жеткирилип, сот-медициналык экспертиза дайындалганын КР ӨКМден билдиришти.

Жабыр тарткан жүргүнчүлөр Канатбек Адилбек уулу, Акжол Батыркулов жана Гулзина Жусуп кызы Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

"Сетра" үлгүсүндөгү автобустун жүргүнчүлөрү жабыркаган эмес. Учурда айдоочу Нуржан Байтораевди кармоо боюнча аракеттер болуп жатканын КР ӨКМден билдиришти.

Каза болгондордун жакындарына маалымат берилген. 

Каза болгондордун сөөктөрүн алып келүү үчүн ыкчам топ жана "Спринтер" автоунаасы даярдалганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0