БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлору уурдалып баратышы мүмкүн болгон жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-августта жол кайгуул кызматынын инспекторлору Ош шаарынын Мамыров жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен катуу ылдамдыкта келе жаткан "Опель-Вектра" үлгүсүндөгү автоунааны көрүшкөн. Ага токтоо буйругун бергенде айдоочу баш ийбей, тескерисинче, ылдамдыкты күчөткөн.
"Опель-Вектранын" багажында эс-учун билбей жаткан киши бул унаанын ээси экени аныкталды.
Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуянын чоо-жайы азырынча айтылбай турганын Сыдыков кошумчалады.
Учурда Ош шаарды ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына камалды. Качып кеткендерди кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Жабыр тарткан 22 жаштагы жарандын туугандары ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына ыраазычылык билдиришти.