БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Москва шаарынан 25 жаштагы кыргызстандык аял дайынсыз жоголгонун "Замандаш" ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Айпери Маматкадырова (Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну) 4-августта эртең мененки саат сегиздерге Новокузнецк метросу жактан документ толтуруп келем деп үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Айперини көрүп-билгендер болсо, жакындары 8 9688699264 телефонуна чалып кабарлап коюну өтүнүшөт.