БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында болгон окуя боюнча иликтөө башталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
ИИМдин расмий билдирүүсүнө ылайык, 13-августта түшкү саат 12:00дөр чамасында Өрүктү айылындагы "Керемет-Суу" эс алуу жайына 29 жаштагы жергиликтүү тургун жана анын Бишкектен барган төрт досу үй-бүлөсү менен келишкен. Эс алуучулар менен аталган жайдын ээсинин ортосунда акча төлөө боюнча чыр болгон. Ал мушташка чейин жетип, 29 жаштагы жергиликтүү тургун таяк жеп, ооруканага баратканда каза болгон", — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБ Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козголгон.
Учурда адам өлтүрүүгө шектелген эс алуу жайдын ээси жана башкалар кармалып, тергөө жүрүүдө. Ошондой эле төрт чагымчыл киши кармалганын ИИМ билдирди.
Ачылган кылмыш иши ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүндө экенин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.