БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Россиянын Федералдык трассанын 1741-чакырымында Бишкектин автобусу менен жеңил автоунаа сүзүшкөнүн Челябинск ИИМинин Башкы башкармалыгынан билдирди.
Ичинде 30 жүргүнчүсү бар автобус Москва — Бишкек каттамында кетип баратып, Челябинск облусуна жеткенде жол кырсыгына кабылганын аталган бөлүм өз сайтына жазган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу алдында кетип бараткан Kia Optima жеңил автоунааны сүзүп алган. Катуу соккудан улам, жеңил машина жолдун четине чыгып, аласалып кеткен", — деп айталат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык автобустун тормозунун жакшы иштебегендигинен келип чыгышы мүмкүн. Жол кырсыгына кабылган автобус катталган фирма Москва шаарынан кошумча автобус жиберди.
Жиберилген автобус Златоуст шаарына бүгүн келери күтүлүүдө, аны менен бардык кыргызстандыктар Бишкекке жөнөтүлмөкчү.