БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында күн 29 градуска чейин ысып, жаан жаабай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метр секундага жетет. Түнкүсүн абанын температурасы +11…+13 градус жылуу болот.
Ал эми Ош шаарында күндүз 30 градуска чейин ысыса, түнкүсүн 16 градус жылуу болот.
Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.