БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунда бүгүн, 26-августта эртең мененки саат сегизде Бишкек — Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында "Лексус" жана "Хонда Одиссей" үлгүлөрүндөгү унаалар кагышканын ӨКМ билдирет.
Жол кырсыгынын кесепетинен жети адам каза болуп, эки жүргүнчү жабыркаган.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу келди. Учурда каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда.