БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Курулуп жаткан социалдык объектилерди байма-бай көзөмөлдөө жетекчилердин жоопкерчилигин арттырат деп билдирди Чүй облусундагы курулуш жүрүшүн текшерүү учурунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
100 орундуу мектептин курулушу 2012-жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилиши керек. Курулуш жетекчилеринин айтымында, мектеп жаңы окуу жылында балдарды кабыл алууга даяр.
"Спорт комплексинин курулушу аяктап, бардык жабдуулар коюлду. Учурда аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат", — деди Чүй районунун акими Апбасов.
Ниязалиева Ысык-Ата аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн оңдоо иштери менен таанышты. Маалыматка ылайык, 15 орундуу аталган бөлүмдүн терезе-эшиктери жана канализациялык түтүктөр алмаштырылган.
Вице-премьер мындан ары да социалдык объектилердин курулушун текшерип турарын, бул жетекчилердин жоопкерчилигин арттыра турганын белгиледи.