БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Каталониялык "Барселонасынын" чабуулчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчу аталды. Бейшемби күнү Монакодо өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Мессиден тышкары мыкты оюнчу наамына Мадриддин "Реалынын" чабуулчусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон.
Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон. Сезондун башында "Барселона" "Севиль" менен УЕФАнын супер кубогу үчн ат салышып, аны 5:4 эсеби менен жеңген.
Акыркы төрт жылдын аралыгында "Мыкты Европа футболчусу" наамына Лионель Месси, "Барса" (2011), Андрес Иньеста, "Барса" (2012), Франк Рибери, "Бавария" (2013) жана Криштиану Роналду, "Реал" (2014) ээ болушкан.