БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ала-Тоо аянтында отургузулган гүлдөр менен өсүмдүктөр эгемендик майрамына карата казылып алынбай турганын, анткени 31-августта эртең менентен баштап майрамдык иш-чаралар өтөрүн "Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди.
Буга чейин Энелер күнү майрамдалган май айында тебелендиде калбашы үчүн гүлдөр казылып алынган.
Кравердин айтымында бул жолу мындай сактоо иш-чаралары жүргүзүлбөйт, анткени жакын арада өсүмдүктөрдүн гүлдөө маалы аягына чыгат.
"Анын үстүнө, гүлдөрдү казып алууга биз жетишпейбиз. Мен шаардыктардын аң-сезимдүүлүгүнө ишенем", — дейт Кравер.
31-август күнү борбордун аянтта россия жана жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өтөт.