БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Тажикстандын борбору Душанбе шаарынын чет жакасында атышуу болуп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын укук коргоо органдарындагы булак Sputnik агенттигине билдирди.
Кылмыштуу топ таңкы саат 04:28да Вахдат шаарындагы милициянын бөлүмүнө кол салган, андан кийин Душанбе шаарын көздөй бет алышкан. Аэропортко бурулган жактан милициянын патрулун көргөн согушкерлер машинасын токтотушкан.
Машинадын чыккандардын бирөө өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырган. Милициянын офицери өзүн тааныштыргандан кийин кылмышкер ок чыгарган. Машинада отурган кылмышкердин жөкөрлөрү милицияга карата ок чыгарып, машинаны андан ары айдап жөнөшкөн. Ал эми машинадан түшүп калган кылмышкер, жакын турган үйлөрдүн короосуна кирип жашынып калган. Ал атайын операция учурунда жок кылынган.