"Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Улан", "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары" — "кыргыз кереметинин" символуна айланган тасмалар.
Эл арылык конкурстардын жана кинофестивалдардын лауреаты, Польшанын жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев карапайым, тамашакөй, жөнөкөй адам болгон деп эскерет анын замандашы, сүрөтчү Александр Федоров.
"Улан" фильмин тартып жатканда жергиликтүү атка минерлердин бири Жамал Сейдакматованы жолугушууга чакырат. Жамал Океевге келип айтса, ал баягы чоңду тамашага салалы деп сунуштайт", — деп айтып берди Федоров.
Океев актрисанын тасмада ойногон кийимин кийип алып, күүгүм түшкөндө баягы кишини күтүп туруп калат. Тасманы тартууга катышкандарын баары бадалдын артына жашынып алып карап турушат.
"Эч нерседен шек санабаган баягы ашык, өзү күткөн "сулууну" кармалай баштайт. Алдында режиссер турганын көрүп эси ооп кала жаздаган", — деп эскерет Федоров.
Анын айтымында, режиссер бала кезин көп эскерип, мекенин абдан сүйөр эле.
"Жылкылар. Комуздун кайрыктары. Манасчы, туугандар, тааныштар… Жыл өткөн сайын адам бала кезинен, капарсыз өткөргөн күндөрдөн улам алыстап, жашоо океанынын курчоосунда калат. Ошол кармашта өзүңдүн жеке күчүңө гана ишенесиң. Кубанычтарчы? Алар да жээкте калат. Сен андан ары сүзүшүң керек…" — дечү Океев.
Океев — "Кыргызфильм" студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" фильми болгон. Океев "Бул жылкылар", "Боом" жана "Мурас" аттуу даректүү тасмаларды тарткан, "Канаттуу искусство" китебинин жана көп сандаган сценарийлердин автору жана тең автору.
Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген…
![СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/81/1018158145_0:0:2000:2107_600x0_80_0_1_5b34bbbf580581f5f91a76212f5457cc.jpg)
![Океев — Кыргызфильм студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун Аптап фильми болгон. Жаш Океев рупор менен Океев — Кыргызфильм студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун Аптап фильми болгон. Жаш Океев рупор менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/82/1018158258_0:0:1679:1184_600x0_80_0_1_9ede556708d6cf6a10f72db4f5ae96c0.jpg)
![Алыскы Ысык-Көлдүн айылынан келген кыргыз уулу ЛИКИнин электротехникалык факультетине өттү. Ленинград, 1956-жыл Алыскы Ысык-Көлдүн айылынан келген кыргыз уулу ЛИКИнин электротехникалык факультетине өттү. Ленинград, 1956-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/84/1018158420_0:0:1459:2200_600x0_80_0_1_6f09bef8adc0daaea82423c8df668d03.jpg)
![Океев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл Океев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/96/1018159693_0:0:2000:1565_600x0_80_0_1_09319e8dbe4785f5ee6f8e5b28826efd.jpg)
![Алтын күз тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен Алтын күз тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/99/1018159941_0:0:2000:1733_600x0_80_0_1_9bd7f0ac66754caddb64947894846394.jpg)
![Океев жана кыргыздын мыкты операторлорунун бири Кадыржан Кадыралиев. Тасма тартуучу аянтта Океев жана кыргыздын мыкты операторлорунун бири Кадыржан Кадыралиев. Тасма тартуучу аянтта - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/01/1018160131_0:0:1928:1352_600x0_80_0_1_8c515396f24757880ad073a67d379ed4.jpg)
![Кыргызфильм киностудиясынын 40 жылдыгындагы эстелик сүрөт Кыргызфильм киностудиясынын 40 жылдыгындагы эстелик сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/34/1018163461_0:0:2200:1998_600x0_80_0_1_4686a1a1018bf33957519c4429131926.jpg)
![Советбек Жумадылов, Мар Байжиев жана Досхан Жолжаксынов режиссер менен Алтын күз тасмасынын сценарийин талкуулап жатышат Советбек Жумадылов, Мар Байжиев жана Досхан Жолжаксынов режиссер менен Алтын күз тасмасынын сценарийин талкуулап жатышат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/36/1018163612_0:0:1882:2000_600x0_80_0_1_5449a1eb7688a4ae65efc0ac40b13abf.jpg)
![Ак илбирстин тукуму тасмасынын киногруппасы Ак илбирстин тукуму тасмасынын киногруппасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/39/1018163982_0:0:2000:1429_600x0_80_0_1_d567f42f3cd3cd71419d9ec9579ec6d6.jpg)
![Кинематографисттер союзунун төрагасы Айтматов, режиссер Океев, актрисалар Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова жана башкалар Кино үйүнүн алдында Кинематографисттер союзунун төрагасы Айтматов, режиссер Океев, актрисалар Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова жана башкалар Кино үйүнүн алдында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/47/1018164760_0:0:2200:1727_600x0_80_0_1_3e409e21c263665496faf866b89ab6e9.jpg)
![Алексей Баталов менен СССР кинематографисттеринин съездинде Алексей Баталов менен СССР кинематографисттеринин съездинде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/48/1018164853_0:0:2000:1303_600x0_80_0_1_736ef19413a1781735a8efa88f00fec1.jpg)
![Ленинградда институтта окуп жүргөндө өзүнүн сүйүүсү Жумашты жолуктуруп, ал өмүрүнүн акырына чейин жөлөк-тирек болду. Океев жубайы менен Ташкент кинофестивалында Ленинградда институтта окуп жүргөндө өзүнүн сүйүүсү Жумашты жолуктуруп, ал өмүрүнүн акырына чейин жөлөк-тирек болду. Океев жубайы менен Ташкент кинофестивалында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/50/1018165015_0:0:2000:1590_600x0_80_0_1_4963ecec3a9fc6c52fe96c12043d8395.jpg)
![1. Океев актриса Таттыбүбү Турсунбаевага роль тууралуу түшүндүрүп жатат. Кызыл алма тасмасын тартуу учуру 1. Океев актриса Таттыбүбү Турсунбаевага роль тууралуу түшүндүрүп жатат. Кызыл алма тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/50/1018165072_0:0:2000:1790_600x0_80_0_1_b020ff6f459db32a5ec7c121cad40058.jpg)
![Режиссер Океев менен актриса, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кинофестивалда Режиссер Океев менен актриса, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кинофестивалда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/53/1018165335_0:0:2422:2048_600x0_80_0_1_f5a80be96639d612ffbfd3a785dccdd6.jpg)
![Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/61/1018166192_0:0:2000:1381_600x0_80_0_1_0d59cf112b31c641930cada4852b93f5.jpg)
![Океев: Менин милдетим — көп колду кармабаган актерлорду тандоо деп айтчу. Чокморов менен Океев тасма тартылып жаткан аянтта Океев: Менин милдетим — көп колду кармабаган актерлорду тандоо деп айтчу. Чокморов менен Океев тасма тартылып жаткан аянтта - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/63/1018166313_0:0:2000:1423_600x0_80_0_1_d29c17812659e73d3fd24b37d00b64ca.jpg)
![Түркиянын элчиси болуп турганда Океев …Ошондо мен: Манас! Манас! деп ураан чакырдым аттуу даректүү тасмасын жараткан. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен Түркиянын элчиси болуп турганда Океев …Ошондо мен: Манас! Манас! деп ураан чакырдым аттуу даректүү тасмасын жараткан. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/67/1018166779_0:0:2000:1253_600x0_80_0_1_4cad97ac6b78bfb2af59af385ae8a561.jpg)
![Океев Айтматовго болочок фильмдин сценарийин окуп берип жатат Океев Айтматовго болочок фильмдин сценарийин окуп берип жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/71/1018167120_0:0:3034:2047_600x0_80_0_1_58551e874b69247abdb3cc97b98a0f89.jpg)
![Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/72/1018167217_0:0:2000:1835_600x0_80_0_1_036c9c4d8c505b805916afaf64753152.jpg)
![Океев италиялыктар менен бирге Чыңгысхан фильмин тарткан, каржылык маселелерге байланыштуу тасма прокатка чыкпай калган. Чыңгызхандын ролун ойногон америкалык актер Ричард Тайсон менен Океев италиялыктар менен бирге Чыңгысхан фильмин тарткан, каржылык маселелерге байланыштуу тасма прокатка чыкпай калган. Чыңгызхандын ролун ойногон америкалык актер Ричард Тайсон менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/74/1018167499_0:0:2200:1421_600x0_80_0_1_c54f2f2a611140aaae007d8fc2c8a95e.jpg)
![Италиялыктардын чет элдиктерди көп чакырып, кыргыз актерлору менен иштөөгө мүмкүндүк бербей койгонуна режиссер абдан капа болгон. Кыргыз актерлорун Чынгызханга сынап көрүү учурунда Италиялыктардын чет элдиктерди көп чакырып, кыргыз актерлору менен иштөөгө мүмкүндүк бербей койгонуна режиссер абдан капа болгон. Кыргыз актерлорун Чынгызханга сынап көрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/77/1018167742_0:0:1554:1064_600x0_80_0_1_dd4884d9b311e531a73b22f60635ef8e.jpg)
![Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген… Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген… - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/79/1018167926_0:0:1963:3000_600x0_80_0_1_5e0ecb2ab6ed4a1646480c9f4c948085.jpg)