БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жасалма паспорт менен коңшу мамлекетке өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында текшерүү учурунда "Ак-Тилек-автодорожный" көзөмөл пунктунан өтүп бара жаткан адамдын ID-картасы жасалма болуп чыккан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Чүй облустук УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.