БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Тажикстанда бардык уюлдук операторлор смс-билдирүү функциясын кайра калыбына келтиргенин "Азия-Плюс" интернет-басылмасы маалымдайт.
Аталган функция 6-сентябрда өлкөнүн чыгыш аймагында генерал Абдухалим Назарзоданын тобун жок кылуу боюнча атайы операция башталган тарта өчүрүлгөн. Бирок оператолорлор мындай ыңгайсыздык техникалык мүчүлүштүктөрдүн улам пайда болгонун айтышкан.
Порталдын маалыматында мобилдик компаниялар Тажикстандын борбор калаасында нааразычылык акция өтөn деген имиштен улам мындай кадамга өткөн жылдын 10-октябрында да барышкан. Бирок смс-билдирүү функциясы ошол эле күнү маалымат төгүнгө чыгарылгандан кийин дароо кайра иштеген.