БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Тажикстанга учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында президент Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышат.
Мындан тышкары, Атамбаев Россия президент Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.