БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматынын чыгыш башкармалыгынын жаңы имаратынын пайдубалы төптөлүп, ага вице-премьер Абдырахман Маматалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Курулуш БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы программасынын алкагында жана түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Маматалиев жаңы имараттын салынышы баңгизатка каршы кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртып, техникалык мүмкүнчүлүгүн арттырат деген пикирин айтты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин келген меймандар административдик имараттын долбоору менен таанышып чыгышты.
Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматтын Чыгыш башкармалыгынын имараты 300 чарчы метер аянтка темир-бетон конструкциядан курулуп, бир кабаттуу болот. Анда кезмет бөлүмү, убактылуу кармоочу жай, тергөөчүлөр менен кызматкерлердени кабинеттери жана кызматтык унааларды токтотуучу жай каралган.